Шайлоого катышуудан баш тартарын айткан Ташиев жана Төрөбаев БШКга кайрыла элек

Буга чейин президенттик жарышка аттанган талапкерлердин айрымдары биригүү боюнча чечим кабыл алганын жарыялашкан. Бирок 23-сентябрга карата алардын бири да шайлоого катышуудан баш тартарын айтып, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бере элек. Бул тууралуу SUPER.KG`ге БШКнын мүчөсү Назарали Арипов билдирди.

"Бүгүнкү күнгө карата биригүү ниетин билдирген талапкерлерден, шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча бир да арыз түшө элек. Учурда 13 талапкер катталган", - деди Арипов.

Эске сала кетсек, президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев бириккенин 17-сентябрда Жалал-Абад шаарында эл менен жолугушуу учурунда жарыялашкан. Дагы бир талапкер Камчыбек Ташиев президенттикке талапкер болуудан баш тартып талапкер Сооронбай Жээнбековду колдой турганын 20-сентябрь күнү Сузакта эл менен жолугушуусунда билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан