Түндүк Кореянын министри АКШ президенти орой ката кетиргенин айтты

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ынды мыскылдаганы үчүн өлкөсү АКШга ракеталык сокку урууга барышы мүмкүн экенин айтты.

Маалымат чет элдик ММКларда жарыяланды.

АКШ президенти Дональд Трамп 8 айда Ак Үйдү "чуулуу базарга айлантканын" айткан министр:

"Баяндамамдын негизги бөлүгүнө өтөрдөн мурун бир нерсеге комментарий берүүгө мажбурмун. Төрт күн мурда АКШнын президенти делген бирөө БУУнун бул ыйык трибунасын шылдыӊдады. Чындыкты жана жүрүм-турум эрежелерин билбей туруп ал менин өлкөмдүн башкы кол башчысын "ракета" деп атап, анын ар-намысына шек келтирди. Мунун менен ал орой ката кетирди, биздин ракеталарды АКШнын бардык континенталдык бөлүктөрүнө учуруу мүмкүнчүлүгүн бекемдеди", - деп билдирди.

Министр эгерде 2 өлкө ортосундагы куралдуу тирештин жыйынтыгында "бейкүнөө америкалыктар каза тапса", ага президент Трамп жоопкер болорун эскертти.

Дональд Трамп буга чейин Түндүк Корея президентин "ракеталуу адам" деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан