Түркиянын президенти Эрдогандын Нью-Йорктогу түрк диаспорасынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда мушташ чыкты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 22-сентябрда АКШда жашаган түрк диаспорасынын өкүлдөрү менен Нью-Йорк шаарында болгон жолугушуусу учурунда мушташ чыкты. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, Эрдоган диаспора өкүлдөрүнүн алдында сүйлөп баштаганда залда отургандардын бири ордунан туруп "Сен террорист. Бар, менин өлкөмдөн чыгып кет" деп кыйкырган. Анын мындай сөзүн ал жерде отургандардын айрымдары колдоого алып натыйжада мушташ чыккан.

Маалыматтарга караганда, Эрдоган жаңжал чыгаргандар залдан чыгарылып кеткенден соң сөзүн улаган.

Нью-Йоркто түрк диаспорасынын өкүлдөрү Эрдоган менен жолугушууда мушташ чыгарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
FIFA17
2017-09-24 11:29:06
Акшнын провакациясыго).
+10
nemo2016
2017-09-24 12:13:55
Барболсун ражеп мусульмандарга куйгон инсан экен
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан