Кыргызстанга теплица жабдууларын алып келүүдө КНСтен бошотуу демилгеленүүдө

Бүгүн, 27-майда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “КРнын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору агрардык өлкө болгон Кыргызстанда теплица чарбасын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Маалыматка ылайык, элди жер-жемиш менен камсыз кылуу максатында мыйзам долбоорунда лизингдин негизинде Кыргызстандын аймагына чет өлкөлөрдөн алып келүүдө теплица жабдууларын кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу сунуш кылынган. Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан