Германияда парламенттик шайлоо өтүүдө. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, парламентке келүү үчүн жалпы 4828 талапкер ат салышууда. Жарымы партиялык тизме менен болсо, жарымы мажоритардык систем менен келет. Шайлоонун жыйынтыгы менен өкмөт куралып, канцлер дайындалат.
Алдын ала сурамжылоолорго ылайык, Германиянын канцлери Ангела Меркель башында турган "Христиан-демократиялык союзу" партиясына сурамжылоого катышкандардын 34 пайызы добуш берерин, канцлерликке талапкер Мартин Шульц жетектеген "Социал-демократтар" партиясына 21 пайызы добуш берерин билдиришкен. Андан сырткары "Германия үчүн альтернатива" партиясына 13 пайызы, "Эркин демократтар" партиясына 9 пайызы, Жашылдарга 8 пайызы добуш берерин айткан.
Германияда учурда 61,5 миллион жаран добуш берүүгө укуктуу. Добуштардын болжолдуу жыйынтыгы бүгүн, 24-сентябрда кечинде кабарланып, негизги жыйынтык 12-октябрда белгилүү болот.