24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда дин аалымы Чубак Жалиловдун президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп, үгүттөгөнү боюнча маселе каралды.
Сооронбай Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Жылдыз Сманбаева Чубак Жалилов президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдогон жолугушуу Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Барпы айылында Камчыбек Ташиевдин атасынын үйүндө өткөнүн айтты.
“Жолугушуу талапкер Камчыбек Ташиевдин үгүт кампаниясы тарабынан уюштурулуп, Сооронбай Жээнбеков ал жерге конок катары катышкан. Бул боюнча Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү дагы тастыктады”, - деди ал.
БШКнын мүчөсү Елена Джилкичиева Сманбаевага Чубак Жалилов сүйлөп жатканда токтотсо болбойт беле деген суроо берди. “Колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, бирок мыйзам бузуп жатканын айтса болот беле?” - деди комиссия мүчөсү.
Жылдыз Сманбаева сахнада сүйлөп жатканды токтотуу мүмкүн эмес экенин айтты.
БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Чубак Жалиловдун Сооронбай Жээнбековду колдогону боюнча маселени муфтияттын кароосуна жөнөтүүнү сунуштады.
Комиссиянын мүчөсү Гүлнара Журабаева президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков жана Камчыбек Ташиевге дагы эскертүү берүү керектигин белгиледи.
Комиссиянын мүчөсү Назарали Арипов бул боюнча Ташиевге дагы эскертүү берүү сунушун алып салуу керек экенин билдирди.
Бул боюнча БШКга арыз менен кайрылган активист Адил Турдукулов эки талапкерге эскертүү берүү менен бул материалды чагылдырган 7-каналга да эскертүү берүүнү сунуштады.
Жыйынтыгында бул иш боюнча Кыргыз мамлекетинин мусулмандарынын дин башкармалыгына жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга үгүт иштерине диний уюмдун өкүлдөрүн кийлигиштирбөө боюнча кайрылуу жасоо чечими кабыл алынды. Ошондой эле Ташиевге эскертүү берүү чечимин кабыл алышты. Ал эми Жээнбековго эскертүү берүү чечими четке кагылды.
21-сентябрда активист Адил Турдукулов жана президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого үгүттөгөн дин аалымы Чубак Жалиловдун кайрылууларына укуктук баа берүү үчүн БШКга арыз жазышкан. БШКнын жумушчу тобу Чубак Жалиловго айып пул салуу, Сооронбай Жээнбековго эскертүү берүү сунушун четке кагуу чечимин кабыл алып БШКнын кароосуна жиберип, БШК аны колдоду.