Германияда парламенттик шайлоодо Ангела Меркель башында турган партия жеӊишке жетти. Чет элдик ММКлар жазгандай, шайлоодо Христиан-социалдык союзу жана Христиан-демократиялык союзу альянсы 33 пайыз добуш алды. Экинчи орунду социал-демократтар партиясы (20,5 пайыз), үчүнчүнү "Германия үчүн альтернатива" кыймылы (12,6 пайыз) ээлеген.
Германия парламентине ошондой эле Эркин демократиялык партия (10,7 пайыз), Солчул партия (9,2 пайыз) жана Жашылдар партиясы (8,9 пайыз) өтөрү белгилүү болду. 1953-жылдан бери Германия парламентине биринчи жолу 6 партия өткөнүн жазып жатышат маалымат булактары.
Ангела Меркель төртүнчү ирет Германиянын канцлери болуп шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.