Бишкекте миграция жана качкындар маселеси талкууланат

Кыргыздын Мамлекеттик миграция кызматы 25-26-сентябрда Алматы процессинин жогорку жооптуу кызматкерлеринин төртүнчү жолугушуусун өткөрөт. Бул тууралуу 25-сентябрда аталган кызматтан билдиришти.

Алматы процесси - Борбордук Азияда качкындарды коргоо жана эл аралык миграция боюнча аймактык консультативдик уюм. Максаты - мигранттарга тийиштүү маселелерди чечүү. Процесске Кыргыз Республикасы, Ооганстан, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан жана башка өлкөлөр мүчө.

Кезектеги жолугушууда мигранттардын укуктары, адам сатуу жана качкындарды коргоо маселеси талкууланары айтылды. Тажрыйба алмашуулар, анализ жүргүзүүлөр, кемчиликтерди аныктап аларды чечүүнүн жолдору сунушталмакчы. Тагыраагы, мигранттар менен качкындардын укуктарын коргоого шарт түзүүчү мүмкүнчүлүктөр талкууланат деп күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан