Бүгүн, 25-сентябрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынына 2 эле депутат келип, кворум жок отурум өтпөй калды. Жыйынга "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров жана "Бир бол" фракциясынан депутат Алмасбек Акматов келди.
Аталган комитетте жалпы 9 депутат бар. Жыйындын күн тартибинде 5 маселе каралмак. Биринчи маселе болуп "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору турган. Мыйзам долбоордо лицензиялык төлөмдөрдү алып салуу сунушталат.
Эске салсак, 11-сентябрда аталган комитет 3 депутаттын катышуусунда жыйын өткөргөн.