Баш калаада “Бишкек жазы–2013” фестивалынын жыйынтыктоочу гала-концерти болуп өттү

27-майда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Бишкек жазы–2013” фестивалынын жыйынтыктоочу гала-концерти болуп өттү. Иш-чарада фестивалдын лауреаттары, жеңүүчүлөрү дипломдор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов катышты. “Биздин шаарыбыз дайыма өз таланттары менен даңкталып келген. Бүгүнкү фестиваль мунун күбөсү боло алат. Салтанат жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өттү. Катышуучуларга жана уюштуруучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Мындай жакшы саамалыктар мындан ары да улантыла бермекчи”,- деди шаар башчысы.

Фестивалдын жыйынтыгы боюнча төмөнкү жамааттар лауреат аталды:

Баш байгени К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети менен Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети;

1-орунду М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети;

2-орунду М.Кашгари атындагы Чыгыш университети жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;

3-орунду И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети утту.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан