Алмазбек Атамбаев шайлоо боюнча республикалык штабдын башчысын жана БШКнын төрайымын кабыл алды

Бүгүн, 25-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев шайлоо боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоону өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү, тиешелүү техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу чаралары туурасында маалымат берилди.

Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоолорду таза өткөрүүнү, өлкөнүн жарандары эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн өкмөт жана БШК бардык шарттарды түзүүгө тийиш деп баса белгиледи.

Мамлекет башчысы административдик ресурс колдонулуп жатат жана шайлоочулардын добушун сатып алуу тууралуу маалыматтарга ыкчам жооп берип, мыйзам бузгандарга карата бардык чараларды колдонуу зарыл экендигин белгиледи.

“Бул шайлоолор мамлекет үчүн, өлкөнүн туруктуулугу үчүн тарыхый мааниге ээ. Ошондуктан демократиялуу жана ачык атаандашуу үчүн бардык шарттарды түзүп, таза жана ачык шайлоо өткөрүүнү камсыз кылуу абдан маанилүү. Эл тарабынан аныкталган шайлоолордун жыйынтыктары өлкөнүн жарандарынын дагы, шайлоонун катышуучуларынын дагы күмөн саноосун жаратпагыдай болушу керек”, - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан