Президенттик шайлоодо мыйзам бузгандарга катуу чара көрүү керек. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-сентябрда башкы прокурор Индира Жолдубаевага ушундай тапшырма берди. Шайлоо учурунда мыйзамдуулукту сактоого көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын да айтты.
Башкы прокурор талапкерлер тарабынан үгүт жүргүзүүдө мыйзамдардын сакталышы кантип көзөмөлдөнүп жатканын, көзөмөл күчөтүлгөнүн айтып берди. Анын ырасташынча, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте социалдык тармактарда жарыяланган мыйзам бузуулар, шайлоочулардын добушун сатып алуу жана административдик ресурс колдонууга тийиштүү фактылар текшерилип жатат.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоого 20 күн калды.