Бишкек шаарындагы “Дубовый парк” галереясында 1-июнь күнү сүрөтчү Байдылда Арыковдун “Жөн эле” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Маалым болгондой, көргөзмөгө Арыковдун живопись жана графика жанрында тартылган 50гө жакын эмгеги коюлмакчы. Айта кетсек, Байдылда Арыков 1967-жылы Талас облусунда туулган. С.А.Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган, КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.