Эльмира Ибраимова талапкер Темир Сариевдин штабын жетектөөдөн баш тартты

Эльмира Ибраимова президенттикке талапкер Темир Сариевдин шайлоо алдындагы штабын жетектөөдөн баш тартты. Бул тууралуу Ибраимова өзү 25-сентябрда социалдык түйүндөгү жеке баракчасы аркылуу жарыялады.

Акыркы күндөрү аталган талапкер менен көз караштары дал келбей калганын, ага ылайыктап позициясын өзгөртүүгө бара албасын айтат Ибраимова. Мындан тышкары Сариевдин штабынан Аликбек Жекшенкулов, Шамшыбек Медетбеков жана башкалар да чыкканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Эльмира Ибраимова - Эсептөө палатасынын мурдагы жетекчиси.

Маалыматты SUPER.KG'ге "Ак шумкар" партиясынын штабынан тастыкташты. "Биз башында кандай багытта баратсак, дагы эле ошол багыттабыз. Ал эми Эльмира Ибраимова штабга көп деле келчү эмес", - деген жооп узатышты.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан