"Пирамида" телеканалы парламенттик каналга айланышы мүмкүн

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында "Пирамида" телеканалын парламенттик каналга айлантуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топтун курамына комитет мүчөлөрү КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиеванын, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Наталья Никитенконун, “Кыргызстан” фракциясынан депутат Алмазбек Токторовдун талапкерликтери сунушталды. Бул курам жактырып, топтун төрайымы кызматына Аида Касымалиева шайланды.

Бул жумушчу топ аталган телеканалды Жогорку Кеңештин карамагына өткөрүүнүн мыйзамдык жол-жоболорун тыкыр иликтеп чыгат.

Эске салсак, 18-сентябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында бул маселе каралып, жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
medetbek
2017-09-26 04:34:04
Кыйрататасынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан