СУПЕРСТАН: "Эркектердин жаны таттуу, тиши ооруса дагы "мен өлсөм башкага турмушка чыкпа" деп коштошо баштайт"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аял ооруп калса, эркектин ролу" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кээ бир эркектер аялы ооруп калса балдарын карап жардам берет. Бирок менин жолдошум эч качан каралашпайт. Оорумак түгүл өлөйүн деп жатсаң дагы "жумуштарыңды бүтүрүп өл" дегендерден. Кайын журтум баары ошондой. Жадакалса кайненем да карашпайт. "Мен казан аяк кармагым келбейт, тажагам" дейт. Ошон үчүн ооруп калсам төркүнүмө кетем".

"Кудайга шүгүр, менин күйөөм ооруп калсам "эмне тамак ичесиң, дарыгер чакырайынбы" деп өтө жакшы карайт. Балдарды башка бөлмөгө алып кирип "апаңарды кыйнабагыла" деп турат. Ушундай күйөөгө жолуктурган Жаратканга ыраазымын. Угуп эле жүрөбүз аялы ооруса ороңдоп өзгөрүп калгандарды".

"Ооруп калдым. Анан "сен жөн эле жатасың, тур, иште" деп күйөөм катуу уруш чыгарганда андан көңүлүм калды. Эки балам бар ошолорду көрүп өзүмдү басам".

"Менин жолдошум тиши ооруса дагы "мен өлсөм башкага турмушка чыкпа" деп мени менен коштошо баштайт".

"Бир жолу катуу ооруп жатып калсам кийимдеримди жууп, төшөк салып, алып барып жаткызып койгон. Ошондон бери антип катуу ооруй элекмин. Тумоолоп калсам "дары ичип жат" деп жаткызып коёт, балдарды да өзү карайт. Тамакты, камырымды да кылып берет. Жакындан бери камкор болуп калды, дайыма ушундай эле болсун".

"Мен ооруп калсам жолдошум балдарга жакшы карайт да мени карабай коёт. "Чай берип коюңузчу" десем, муздак чай көтөрүп келиптир. "Ысык чай" десем микроволновкага ысытып алып келиптир. Ошондо аябай жиним келген. Өзү ооруп калса бүкүрөйүп, баса албай калат. Кайра-кайра чакырып "температурамды өлчөп койчу" дей берет. "Ой, баары жакшы" десем, "бир өлчөп коё берчи" деп алат. Бул эркектердин жаны аябай таттуу да".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Shekeev969798
2017-09-25 19:00:41
Менин апам эле куйбосо башкасына ичим чыкпайт мен оорусам апам кошо ооруйт Апам бар болсун ар дайым
+9
engel
2017-09-25 19:10:20
Меники да Кудайга шугур оорусам даары алып келип берет аптекадан. Кызымды карайт улам сурап турат. Мен да ал ооруп калса ошондой карайм. Бирок жакпаганы бир жери ооруса эле "олот деген ушул окшойт, ушинтип эле олуп каламбы?" дей берет. Антип айтпа деп урушсам да болбойт
+1
Lekarstvosvoegomuja
2017-09-25 19:42:06
Бул теманы супер инфо ачпайт. Форумчулар озбуз ачабыз.
+1
Batma08
2017-09-25 19:58:59
Ушундай темалар жиним эле
-4
Snejana
2017-09-25 20:03:19
Ха ха чайды микроволновкага ысытып келгени жакты. Эркектерибиз аман болсун. Мен оорубай эле коеюн, бирок ооруп калсам, аябай козумду карап калат.
+2
Tyty1990
2017-09-26 21:06:05
Тиши ооруса да коштошо баштайт. Куло берип жатып калдым))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан