295 килограмм салмактагы Эман Абдул Атти каза болду. Ал дүйнөдөгү эң оор салмактагы аялдардын катарына кирчү

Бүгүн, 25-сентябрда Бириккен Араб Эмираттарынын борборунда дүйнөдөгү эң оор аялдардын катарына кирген египеттик Эман Абдул Атти көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 37 жаштагы Атти ушул жылдын жаз айларында Индиядагы ооруканалардын бирине салмагын азайтуу үчүн жаткан. Жыйынтыгында буга чейин 495 килограмм салмакта болсо, атайын операциядан соң 200 килограммга арыктаган. Андан кийин дарылануусун улантуу максатында Абу-Дабидеги ооруканага жаткырылган. Бирок бөйрөгү менен жүрөгү начар иштегендиктен 25-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4:35те дүйнө салган.

Эман төрөлгөндө анын салмагы 5 килограммды түзгөн. Бир нече жылдан кийин анын канынан мите сымал инфекция табышкан. Мындай дарттан улам анын денесиндеги лимфалар сенек болуп калган дагы, бутунун териси шишип, жайылып кеткен. Бара-бара кичине кыз баса албай, боортоктоп сойлоп жылып калган. Акыры 11 жашында өспүрүм Эман инсульт алат. Мындан кийин ал биротоло төшөктө жатып калган. Жыл сайын анын денеси жайылып, чоңоё берген.

Белгилей кетсек, азыркы учурда дүйнөдөгү эң семиз аял АКШда жашайт. Аты-жөнү - Кэрол Йегер, салмагы буга чейин 727 килограммга чейин жетсе, кийин диетологдордун жардамы менен 200 килограммга жакын салмак таштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Batma08
2017-09-25 20:21:36
Кудайым сактай кор
+3
jigit.paren
2017-09-25 21:30:34
Кудай сактаа бир чоң өгүздөн да оорго салмагы
0
Medinaa
2017-09-25 23:55:29
Оо Кудай сактай көр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан