Таласта президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт баннеринин өрттөлүшү боюнча кылмыш иши ачылды. Маалыматты SUPER.KG порталына 26-сентябрда Жээнбековдун Таластагы штабынан билдиришти. Кылмыш иши "бейбаштык" беренеси боюнча козголуп, териштирүү жүрүп жатат.
"Кылмыштын бети ачыла элек. Териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти штабдан.
Эскерте кетсек, Талас облусунун Манас районунда талапкер Сооронбай Жээнбековдун баннерлери мындан 1 апта мурун өрттөлүп, айрылган эле. Аталган талапкердин Таластагы штабынын жетекчиси Мирлан Эсенкулов бул ишти Жээнбековдун атаандаштарынан көрөрүн айткан. Окуя боюнча укук коргоо органдарына арыз берилген.