Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына электрондук систем киргизилди

Ысык-Көл облусундагы бириккен оорукана электрондук систем менен иштеп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын директору Токтобай Маанаев билдирди.

"Биздин бейтапкана электрондук системге өттү. Мында бейтаптын кандай абалда ооруп келген таржымалын кол менен жазып отурбай компьютер менен жаза баштадык. Атайын видеокөзөмөл орнотулду. Электрондоштуруунун жакшы жери оорулуунун жазылган таржымалын эч ким өзгөртө албайт. Долбоорду ишке ашырууда 4 миллион сом жумшалды. Учурда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы, 2-төрөт бөлүмү жана Ак-Суу райондук реабилитациялык борбору электрондук систем менен иштеп баштады. Бул системди ишке киргизүүдө дарыгерлерди атайын окуттук. Бүгүнкү күндө биздин аймакта алкоголдук ичимдикке көз каранды болгондордун саны көбөйдү. Ошондой эле жүрөк оорусу менен ооругандар көп болууда", - деп билдирди Маанаев.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл бириккен ооруканасы 400 миңден ашуун калкты тейлейт. Жакынкы аралыкта Жети-Өгүз, Түп, Тоң райондорун электрондоштуруу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
suyor
2017-09-26 10:03:34
Жакшы жери оорулуунун жазылган таржымалын эч ким озгорто албайт, кызыкко мурда эмне озгортуп журушкон беле?
0
aibars
2017-09-26 10:07:07
suyor, эгер бир нерсе болуп каза болуп калса ( кудай сактасын) башкача кылып диагноз коюп кою деле болотда.
0
Kroxa
2017-09-26 13:28:29
Историясын айрып таштап озгортуп койушчу да жоопкерчиликтен качып..
0
sessa
2017-09-26 17:54:38
Алга Маанаев кыйын киши ушундай адамдар коп болсо олко онукмок.
0
RaHat19
2017-09-26 21:23:31
токтобай исраилович обл болнисага келгени укмуштуудай озгоруу болду.Гулдотуп салдыго тегерегин.Тазалыкчы адам суйунот .Мурда барсан кабыл алуучулар суйлошуп олтура берчу эле азыр бат эле тейлейт.Ушундай жетекчилер кобойсун.Ден соолугунуз чын болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан