Мамлекеттик салык кызматы кыргыздын тойлорунда кызмат көрсөткөндөр салык мыйзамын бузуп жатканын билдирди. Тамадалар буга эмне дейт?

Мамлекеттик салык кызматы атайын рейд жүргүзүп, анын алкагында Бишкек шаарында жайгашкан тойканаларда салык мыйзамын бузуу менен кызмат көрсөтүп жаткан адамдарды аныктады. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рейддик текшерүү учурунда фотографтар Кутман Майназаровдо, Жыргалбек Эсенбековдо, Э.Жунусовдо жана тамадалык кызматты аркалап жаткан Бакыт Байсариевде тойду алып барууга жана сүрөт тартууга уруксаты бар экенин көрсөткөн атайын патент болгон эмес. Ошондой эле тамадалар Майрамбек Осмонов жана Урмат Борченов салык кызматкерлерине патентин жана салык төлөгөндүгү тууралуу квитанциясын көрсөтө алган эмес.
Салык кызматынын билдиргенине караганда, тойлордо кызмат көрсөткөн тамадалар, музыканттар, бий жана актёрлук топтор айына 500 сомдон 2 жарым миң сомго чейин салык төлөшөт. Ушул жылдын 8 айында тойканалардагы кызмат көрсөтүүлөрдөн бюджетке 665 миң 400 сом өлчөмүндө салык түшкөн.
Жүргүзүлгөн рейд боюнча алпаруучу, шоумен Бакыт Байсариевге байланышканыбызда ал SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү айтып берди.
"Биз Жаңы жылга чейин жана кийин алдын ала 6 айга патент алып турабыз. Учурда менин патентим бар. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери алдын ала айтып туруп келишсе болмок. Алар антракт учурунда эмес, тойдун башында же аягында эмес, тойду алып барып жатсам келип мени чакырышты. Патентим жанымда эмес экенин көрүп, акт жазып кетишти. Негизи кайсы бир компания менен иштешип, алардын корпоративдик кечелерине тамадалык кылганда патентимди көрсөтөм".
Рейд учурунда мыйзам бузгандыгы аныкталган дагы бир тамада, алпаруучу Урмат Борченов: "Менин патентим бар. Бирок биз ар бир тойго аны паспорт сыяктуу көтөрүп жүрбөйбүз. 22-сентябрда жумуш учурунда Мамлекеттик салык кызматында иштегендер келип патентимди сурашты. Жанымда эмес экенин айтканда айып пул салышкан жок. Айрым сайттар мага айып пул салынганын жазып чыкканына таң калып отурам", - деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Tyty1990
2017-09-26 16:13:16
Тамадаларга да жеттиби патент.
+6
talant87
2017-09-26 16:41:07
Толетке акча алгандардан сурасанар
+2
kechirmeni
2017-09-26 16:44:08
Патент алыш керек, мен да таксиге алайын деп журом. Озубузду эле ойлобой мамлекетти да ойлош керек
0
Adil706070
2017-09-26 16:51:47
Барыбызга аман болсок карылык башка келет.ошондо мамлекеттен пенсия алганда дагы уюлбай жузубуз жарык боло тургандай болсок жакшы эле.ошону учун ар бир инсан мамлекетке колунан келишинче комоктошкону туура эле барда бардай жокто жоктой болуп
+5
Asyl10
2017-09-26 16:57:06
Тамадалар бир тойду алып баруу учун,тааныштарды ортого салып журуп болбоду дегенде 200 доллар алышат, болбосо менмин деген тамада бир эле тойду 1 мин доллардан ашыкка алып барат. Алар ырчы-чоорчулар келет деп аларга да той ээсинен кошумча акы алып беришет. Ошондуктан созссуз турдо патент толоолору керек, Ошол эле ырчы,бийчилер,фотограф,видеочулар да патент толоолору зарыл, ал деген кийин оздорунун эле пенсиондук фондуна бир болугу чегерилет.Туура эле рейд.Тартипке салыш керек.
+6
modem4999
2017-09-26 17:47:41
Той бергендерден да алыш керек
-1
mir777
2017-09-27 09:56:59
modem4999,уяты жок таш дооруна эле барып ал
+1
Kroxa
2017-09-26 21:39:54
Салык тологону тологон ошол салык мамлектке буюрса сонун болмок..бизде налоговыйдан келет да кафеден тоё тамак жеп ичип кетишет анан потент дайын билбейм...
+2
aidartegin
2017-09-27 09:01:17
Туура алыш керек...!!!!!!!! патентти бир кичинекей, бир чарчы метр жерде ыссык суукта соода кылып, кунуно 500-600 cсомдон тапкандар да патент алышат!!! Ага караганда буулар май суттун устундо журуп кунуно 500-1000$ алгандар эмнеге толобошу керек!
+3
nazira...
2017-09-27 09:42:05
эмнеге мурунтан албай эми алып жатышат. Бир чети жакшы болду окшойт аз да болсо азайып калышат. А то ырчы,актерлордун 2-си эле тамада эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан