Рустам Мирзаматов: "Оштогу жаңы унаа базарынан түшкөн акчага жылына бирден социалдык мекеме курууга болот"
Белгилүү болгондой, 25-майда Ош шаарында жаңы унаа базары ишке берилди. Бул базардын ачылышы шаардагы инфраструктуранын жакшырышына жана көчөлөрдөгү унаа тыгындардын азайышына шарт түзө турганын айтууда шаар жетекчилиги. Вице-мэр Рустам Мирзаматовдун айтымында, бул унаа базарынан бир жылдын ичинде түшкөн кирешеге жылына бирден социалдык мекеме курса болот. Мунун баары эсептелгенин да кошумчалады Мирзаматов. Айта кетсек, мурунку унаа базары шаардын ичинде жайгашып, унаа тыгындарын жаратып, коомдук унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратып келген.