Ош шаарында биометрикалык маалыматтар президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында чогултулуп жатканы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы ич ара териштирүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
"Бул маалымат чыккандан кийин териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул жерде мыйзам бузуу бар же жок экенин юристтер да карап чыгышы керек. Негизи биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жабдык көбүнчө адам көп келген жерлерге барып, ишкана, мекемелерге деле көчүп иштей берет. Учурда жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу кандай себептер менен штабга барып, ал жерде жүргүзүлүп жатканы такталууда. Чукул арада териштирүүнүн жыйынтыгын, себептерин жарыялайбыз", - дешти мекемеден.
Ал эми КСДПнын башкы штабына кайрылганыбызда, жыйын болуп жатканын жүйө кылып, бул боюнча билдирүү бере элек.
Эске сала кетсек, бүгүн, 26-сентябрь күнү Ош шаарында биометрикалык маалыматтар талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында чогултулуп жатканы белгилүү болгон.