Транспорт жана жол министрлиги Борбор Азияда жол каттамдарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасын даярдоого киришти. Аталган министрлик 26-сентябрда ушундай маалымат тарады.
Бул долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунда жолдор оӊдолуп, аэропорттор жаӊыланат. 2018-жылдан 2022-жылга чейин Түп-Кеген трассасынын калган бөлүгүн Казакстанга чейин оӊдоо пландалып жатканы айтылат маалыматта. Каракол шаарынан Алматы шаарына жетчү жол дээрлик эки эсе кыскарышы мүмкүн. Ошондой эле туристтик жайларга баруучу 30 чакырымдай жол жаӊыланат. "Ысык-Көл" жана "Каракол" эл аралык аэропортторун оӊдоо иштери да каралган.
Мындан тышкары, Ысык-Көл айланма жолуна камераларды орнотуу жагы да камтылган.