SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Таң калычтуу жолдор менен дарылоо жана биз билбеген ар кандай оорулар" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кадимки эле короодогу сөөлжан буту ооругандарга аябай пайдалуу, эжем жылда күзгө маал баспай калчу, ийне, дарылар көп жардам бербейт. Төрт жылдан бери бул оорусу кармай элек, анткени жазында жер казганда сөөлжан терип сууга салып койсок тазаланып калат, анан ал жутуп алат. Кудай сактасын, кармай элек, таенебиз дагы ушул ыкма менен дарыланчу экен. Корейлердин кафесинде иштегем, иттин этин жеш үчүн көп кыргыздар келчү, көбүнчө өпкө оорулары, жакшы өспөй калган балдарды аталары алдап алып келишчү. Чыкпаган жеринен тер чыгат дегендерин угуп калам, бирок өзүм такыр жей албай койгом".
"Колоңсону кыргыздар абдан кызык жол менен дарылачу" дейт Эмил Асанов. Койдун бөйрөгүн алып, экиге бөлүп колтугуна салып, жарым сааттай кармап анан ыргытчу экен. Бөйрөк колтуктагы жытты өзүнө сиңирип алат, аны ит да жечү эмес, мына кызык".
"Дагы бир "кыргызча" оору бар. "Башымдын оң жагы эле ооруй берет" десе "башыңды теңдетишиң керек" деп коюшат го. Мен үч-төрт күн катарынан башымдын жартысы эле ооруп басылбайт. Дары ичип коём, бир аз жакшы болуп калып эле бир аздан кийин кайра эле ооруйт. Анан "ким башты теңдегенди билет?" деп кошуналарымдан сурасам "боорду эзбечи..." деп коёт, тиги кошунама барсам "биринчи жолу угушум" дейт. Дүкөнгө чыгып, бир апага жолугуп калдым. Айтсам "жүр үйгө" деп эле үйүнө ээрчитип барып абышкасынын курун алып чыгып, мени отургузуп эле "быссымылда" деп башымды теңдеп берип, "үч күн келесиң" деди. Эртеси күнү да бардым. Анан соп-соо болуп калдым. Үчүнчү күн да барыш керек экени эсимден да чыгып кетиптир. Анан кантип ушундай нерселерге ишенбей кетесиң?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.