БШКнын мүчөсү Гүлнара Баатырова: “БШК базарга айланып баратат”

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова “БШК базарга айланып баратат” деген сөзүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-сентябрда БШКнын жыйынында билдирди.

“Ким озунуп сүйлөсө ошонун сөзү туура болбош керек. Биз базарга айланып баратабыз. Бул жерде төрайымдын дагы сөзүн укпай калдык. Сый-урматыбызды жоготуп баратабыз. Мен бирөөнүн таламын талашып, аброюна шек келтиргим келбейт. Бирок төрайым, анын орун басарлары мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелесиңер. Бирөөнүн буйругун аткарып жатасыңар деген чоң күнөө, этият сүйлөш керек. Бул сөздү айтып жаткан адам өзү аткарып жаткан чыгар. Сүйлөп жаткан кишинин оозун баспай тургула. Жумурткадан кыр издегениңерди токтоткула, Атыр Болотбековна. Эмне үчүн бир мүчө экинчи мүчөдөн экзамен алыш керек. Бул пастык. Эгер билсеңер БШКнын мүчөсү деген статусубуз бар. Өткөндө 4 мүчө маалымат жыйында биздин укугубуз тебеленип жатат дедиңер. Укугуңар тебеленбей эле микрофондун баары силерде, мүчөлөрдүн баарынын укугу бирдей. Кеч боло электе ушундай жагдайга көңүл бурушубуз керек”, - деди ал.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова буга чейин жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бирөөнүн буйругун аткарып жатат деген.

Отурумда “Чыгыш-батыш” аналитикалык борборунун директору Дмитрий Орлов президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт баракчаларында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун сүрөтү чагылдырылганын айтып, БШКга арыз менен кайрылганы боюнча каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан