"Президенттикке талапкер Темир Сариевдин штабынан Эльмира Ибраимова менен кошо 7 адам чыгып кетти деген маалымат жалган", - деп билдирди Сариевдин маалымат катчысы Назира Ахмедова 26-сентябрда өзүнүн интернет баракчасы аркылуу. Ибраимова менен кошо кеткен адамдар штабда иштебегенин, алар буга чейин өз каалоолору менен Сариевди колдоп келишкенин айтат. Штабда иштегендер мурункудай эле ишти улантып жатышканын белгиледи.
Ахмедова ошондой эле Темир Сариев президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну сунуштап, президент баш тартты деген маалымат да чындыкка коошпой турганын кошумчалады.