Эмомали Рахмон: "Кыргызстанга болгон иш сапарымдын максаты - эки өлкө ортосундагы маселелерди чечүү"

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттеринин Координациялык кеңешинин жыйынында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөгө болгон иш сапарынын жана бүгүнкү жыйындын максаты эки тараптуу маселелерди чечүү экендигин билдирди.  

“Урматтуу кыргыз досторубуз, бизди чакырганыңыздарга жана меймандостугуңуздарга ыраазыбыз. Бүгүнкү жыйындын максаты бир. Эки өлкө ортосундагы маселелерди чечүү жана эки мамлекеттин кызматташуусун өнүктүрүү. Тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттердеги абал тууралуу сүйлөшүү болду. Совет доорунан бери биздин мамиле жакшы өнүгүп келет. Бул менин Кыргызстанга болгон 3-жолку расмий иш сапарым. Сүйлөшүүлөрдө соода-сатык, экономикалык жана маданий мамилелер боюнча пикир алыштык”,- деди Тажикстандын президенти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан