ЖЫЛНААМА, 27-сентябрь: "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 49 жашка толду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында туулган.

Ал 1992-жылы Томск мамлекеттик университетинен “Инженер-химик” адистиги боюнча билим алып, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин “юрист” адистиги боюнча билимин өркүндөткөн.
Камчыбек Ташиев 1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Коомдук саясий ишмер 1993-жылы эмгек жолун “Мээрим-Ай” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасын негиздеп жана жетектөө менен баштаган. 1995-жылдан 2000-жылга чейин “Томас” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын башкы директору болуп иштеген. 2000-2002-жылдары “Элет-Кенч” көп тармактуу айыл чарба кооперативи башкармалыгын жетектеген.
Ал мамлекеттик кызматтарга 2002-2003-жылдары аралаша баштап, ошол жылы Кыргыз Республикасынын премьер-министринин аппарат жетекчисинин жардамчысы, 2003-2005-жылдары Бишкек шаарындагы Ленин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, биринчи орун басары болуп иштеген.
Камчыбек Ташиевдин саясий карьерасы 2005-жылдан тартып башталган. 2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын декабрына чейин - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, кийин министр болгон.
2010-жылы өлкөнүн түштүк аймагындагы улуттар аралык кагылышууну токтотууда Камчыбек Ташиев жеринде калк арасына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн, негизги саясий ишмерлердин бири болгон. Анын бул аракети Ташиевге болгон ишенимди, урмат-сыйды бекемдеп, кадыр-барк алып келген. Ошол эле жылы ал өзү жетектеген "Ата Журт" мекенчил саясий партиясы менен оппозициялык көз карашта болгонуна карабастан бийлик жана революциячыл партияларды шайлоодо жеңип алган. 2010-жылдын декабрынан тартып 5-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, “Ата Журт” депутаттык фракциясынын лидери болгон.
Камчыбек Ташиев башка оппозициячыл саясатчылар менен 2012-жылы 3-октябрда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу талабы коюлган митинг өткөрүп, чогулган эл менен Ак Үйгө кирүүгө аракет кылган учурда кармалып камакка алынган. Бул сот процесстерин, анын камалышын Ташиевдин тарапташтары саясий куугунтук катары сыпаттап, бир катар мөөнөтсүз митингдер жол тосуулар, ачкачылык кармоо сыяктуу саясий акциялар менен коштолгон. 2013-жылдын 3-мартында Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутатты Кылмыш-жаза кодексинин “бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, бир жарым жылга эркинен ажыраткан. Айыпталуучу тарап соттун бул чечимине нааразы болуп, жогорку инстанцияга кайрылган. Мындан улам Камчыбек Ташиев 2013-жылдын 13-июнунда Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулган.
Ал эми 2013-жылдын 20-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутат Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан.
Камчыбек Ташиев 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоого катышкан. Бирок БШК "Республика-Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевди шайлоого жакын калганда партиянын тизмесинен чыгарып салган. Буга Ташиев “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповго кол көтөргөн деген маалымат негиз болгон.
Камчыбек Ташиев 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого да катышуу ниетин билдирип, талапкер катары катталган. Бирок үгүт иштери башталгандан кийин башка талапкерди колдой турганын айтып, жарышка катышуудан баш тарткан.
27-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Salman777
2017-09-27 11:52:37
коп жашаныз..туулган кунунуз кут болсун
-4
almazbei
2017-09-27 15:36:46
Акам кашыктап чогултканын , чомучтоп чачып алдынго бир эле кундо ?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан