Бүгүн, 27-сентябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана "Жагымдуу шарттар шаары" аталыштагы 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында конференция өттү.
Ага шаар мэри Албек Ибраимов баштаган мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.
Алгач шаар башчысы программанын негизи максаты болуп маселелердин өзөгүн табуу жана аларды чечүү, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, райондорду өнүктүрүү, шаарга "Жашыл шаар" атын кайтаруу жана ар кандай инвестицияларды тартуу болуп эсептеле турганын айтты.
"Биз көргөзүп жаткан программа өнүккөн инфраструктурасы менен калктын бардык катмары үчүн жакшы шарттарды түзөт. Заманбап борбор катары Бишкек шаарынын мындан ары гүлдөп өнүгүшүнө өбөлгө болот. Шаардык бийликтин жаңы идеяларын, жаңы долбоорлорун жана демилгелерин камтыйт", - деди мэр.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучулар шаар инфраструктурасы, социалдык-маданий жана экономика,финансы жана инвестициялар болуп үч секцияга бөлүнүштү. Андан соң ар кыл тармактагы маселелерди талкуулап өздөрүнүн сунуштарын, ой-пикирлерин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Катышуучуларды кызыктырган өтө маанилүү суроолорго шаар башчысы ар бир секцияга кирип жооп берди.