Бүгүн, 27-майда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Тажикстан өлкөлөрү ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду. Алар: Кыргызстан Жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстан тараптын жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо тармагында кызматташтык боюнча макулдашуу. Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу боюнча келишим. Тараптардын товар ташып өткөрүүдө жана аларды бажы каттамынан өткөрүү боюнча бажы кызматтарынын ортосунда протоколу. Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу келишими. Байланыш жана маалыматтык технологиялар тармагында кызматташуу тууралуу келишим. Эл аралык автомобилдик байланыш тууралуу келишим.