26-сентябрда Орусиянын Кемерово облусунда Кыргыз жарандары катышкан жол кырсыгынан каза болгон кыз 16 жашта болгон. Анын сөөгү бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз жерине алып келинет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге жол кырсыгынан жаракат алгандардын биринин Азамат Байматов аттуу таанышы кабарлады.
Анын билдиришинче, каза болгон кыз Ош облусунун тургуну. "Бүгүн кыздын жансыз денеси Кыргыз жерине учак менен алып келинет. "Жүк-200" Орусияда иштеген мекендештердин жардамы менен жиберилүүдө", - деди ал.
Ал эми жол кырсыгынан жаракат алган 6 адамдын бири учурда учак менен Бишкекке келе жатканын, ооруканада жаткан 5 адамдын абалы жакшы болуп калганын кошумчалады.
Орусиядагы элчиликтин маалымат кызматы башында каза болгон адам 38 жашта болгонун билдирген, бирок кийин маркум 2001-жылы туулган кыз экенин тастыктады.