Грузиянын парламенти жаңы Конституцияны кабыл алды

Грузиянын парламенти көпчүлүктүн добушу менен жаңы Конституцияны кечээ, 26-сентябрда бекитти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, документ парламенттин үчүнчү окуусунда кабыл алынган. Оппозициялык парламентарийлердин көбү добуш берүүгө каршы чыгып катышкан эмес. Натыйжада 117 "макул" жана 3 "каршы" добуш берилген.

"Парламенттин өкүлү Ираклий Кобахидзе Конституцияга оңдоо киргизүүнү мамлекеттин демократиялык өнүгүүсүнө шарт түзгөн тарыхый чечим деп атады. Жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен өлкөдөгү башкаруу формасы парламенттик республикага өтөт. 2023-жылдан баштап Грузиянын президенти элдик добуш берүү менен эмес, шайлоочулардын добушу менен шайланат. Конституциянын жаңы вариантын президент Георгий Маргвелашвили жана парламенттик оппозиция кубаттаган жок", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан