Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кворум болушу үчүн депутаттардан парламенттин эртеңки жыйынына келип берүүсүн суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-сентябрда айтты.
Спикер эртең, 28-сентябрда маанилүү маселе карала турганын билдирди. “Фракциялардын лидерлеринен депутаттардын жыйынга келүүсүн камсыз кылып берүүнү суранып кетет элем. Ошондой эле суроо берүү үчүн сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп, ордуңардан кыйкырбоого чакырам. Маалыматты аягына чейин уккула”, - деп эскертти.
Эртеңки жыйында 13 маселе каралат. Анын катарында Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралары күтүлүүдө.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 20-сентябрдагы жыйынында кворум жок бул маселе каралбай, эртеси каралган.