Украинада ок-дары сактаган кампада чыккан өрттөн улам 30 миңге жакын адам эвакуацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 26-сентябрь түнү Винница облусунун Калиновка районундагы ок-дары сактоочу кампада чыккан.
"Бүгүн эртең мененки саат 06:00гө карата Калиновка районунда 28,3 миң адам эвакуацияланган. Кырсык болгон жердеги коомдук тартипти сактоо үчүн 3 миңге жакын полиция кызматкери тартылды. Ошондой эле облус аймагынан чыгуучу бардык жолдор жабылып, блокпосттор коюлган. Андан сырткары Калиновка районунда 50 чакырым радиуста учууга тыюу салынды. Азыркы тапта өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Өрттөн улам кампадагы ок-дарылар жарылып, айрым турак үйлөрдүн терезелерин талкалаган.
Кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз, бирок айрым украиналык саясатчылар аны тышкы фактордон көрүп жатышат.