“Мегакомду” сатып алганы жаткан Орусия жараны Елена Нагорная деген ким? (өмүр баяны)

Сатыкка чыгарылган "Мегаком" компаниясын сатып алууга кызыкдар экенин билдирип Орусиянын Елена Нагорная аттуу жараны Кыргыз тарапка билдирме таштаганы белгилүү болду. Елена Нагорная деген ким? Анын өмүр таржымалын жарыялайбыз.

Елена Нагорная 1976-жылы 3-мартта Ставрополь аймагынын Невинномысск шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2004-жылы Москва институтунун Чет тилдер жана эл аралык байланыш факультетин бүтүргөн. 2013-жылы Орусиянын элдик чарбачылык академиясында “Парламенттик ишмердүүлүктү уюштуруу” программасынын алкагында кесиптик кайра даярдоо курсунан өткөн. Иш тажрыйбасы тамак-аш коопсуздугун сактоо, ата мекендик ишкерлерди колдоо тармагына байланыштуу. Нагорная 1997-2006-жылдары жүк ташуу ишмердүүлүгү менен алектенген. 2006-жылдан ушул тапка чейин Африкадан чай жана кофе импорттоо менен алектенет.

Елена Нагорнаянын жетекчилиги астында Тамак-аш сапаты жана коопсуздугу ассоциациясы тарабынан “Ар кандай жаштагы адамдар үчүн туура тамактануу системи” аттуу программа иштелип чыккан. Ошондой эле ата мекендик продукцияларды колдоого багытталган иш-чараларды уюштуруп келет.

2014-жылы 16-июлда “Африка өлкөлөрүндөгү соода альянсы” деген уюмду негиздеген. Ал эми 2014-жылы 6-июндан баштап азыркы күнгө чейин “Африка ТК” ЖЧКсында башкы директор болуп иштейт.

2014-жылы 9-январда Нагорная Кенияда “Дом Кении” уюмун негиздеген. Бул уюмдун максаты Кениядагы товарларды Орусиянын базарына жайылтуу. Нагорная ошондой эле “Тамак-аштын сапаттуулугу жана коопсуздугу” журналынын ээси. Мамлекеттик Думанын өнөр жай боюнча комитетинин эксперттик кеңешинин мүчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан