Өлкөдө Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык түзүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыкты түзүүнү сунушташууда. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 27-сентябрда коомдук талкууга коюлду.

“Чыңгыз Айтматов” медалы менен маданият, агартуу, илим, адабият жана искусство жаатындагы жарандар сыйланат. Ошондой эле бул сыйлыкты ар түрдүү маданий, диний салттарды тутунган улуттар менен элдердин маданий мурастарын иликтөөгө жана сактоого, маданияттарын жакындаштырууга, өз ара байытууга салым кошкондор ала алышат. Мындан тышкары тынчтыкты жана достукту, мамлекеттер ортосундагы руханий байланыштарды өнүктүргөндөр да сыйлыкты алышат.

"ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Айтматов ХХ кылымдагы эң окумдуу жана чыгармалары көп басылып чыккан жазуучулардын бири болуп саналат. Өзүнүн чыгармалары, кайталангыс чыгармачылыгы жана эл аралык коомдук ишмердиги менен Айтматов дүйнөлүк адабиятты, искусствону өнүктүрүүгө, тынчтыкты жана достукту бекемдөөгө, мамлекеттердин ортосундагы руханий байланышты чыңдоого чоң салым кошкон", - дешет демилгечи депутаттар.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Эмил Токтошев, "Бир Бол" фракциясынан депутат Жаныбек Бакчиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
friendwipkg
2017-09-27 18:22:47
Иштебей эле сыйлык ала бересиңерби?
+4
Adil706070
2017-09-27 18:25:04
Улуу жазуучунун атын булгабай эле коюшса болмок.
Антпесе эртен эле акчага Ч.Айтматовдун дагы наамдары сатылып жургонуно кубо болуп калышыбыз мумкун .эмгек синирген наамды алган ырчы,чоорчу сыяктуулардай болуп.
+1
UEFA-FIFA
2017-09-27 18:31:51
Тажатты ушу шалтурук, ыплас бийлик. Ал сыйлыкты эмне коррупцияны гүлдөткөн үчүн аласыңарбы? Жүзү жок жеп жутарлар.
+4
shankol88
2017-09-27 18:47:10
Ушу бийлигиңер карыз кылып түгөтмөй болду.Ч.А.саясатка аралаштырбагылачы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан