Шашылыш билдирүү! 29-30-сентябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда катуу жаан жаашы күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу райондорунда катуу жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-30-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй жана Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

29-сентябрда абанын температурасы төмөндөп Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +1 +6, күндүз +6 +11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +7 +11, күндүз +15 +20 градус жылуу болушу күтүлөт.

"Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Бийик тоолуу унаа жолдорго чыгууда айдоочулар жана жүргүнчүлөр сак болушу керек", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
_adil_
2017-09-27 16:54:59
Кудай сактасын
+1
Batma08
2017-09-27 21:30:16
Жамгырды кутоо берип... жаасынчы
0
Parish
2017-09-28 07:22:56
ээ чатак болду да тойлор башталганда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан