SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Туура эмес сүйлөп алган кезде..." деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Баягы күнү кичинекей балага "акем менен манты жеп ал" дейм деп "манты менен акемди жеп ал" дептирмин. Кичинекей бала дагы түшүнбөй калды".
"Маршруткада бара жатсак бир кызуу киши досуна "эх, досум, кырсык ашкабактын үстүндө деген ушу да" дейт. Досу "кайдагы ашкабак, андай эмес, кырсык каш-кабактын ортосунда" дейт десе, беркиси "ошо да" дейт. Алардын маегине күлөм деп эки аялдама өтүп кетиптирмин. Шашылганда же толкунданганда туура эмес сүйлөп алам. Жумушта бир эже арманын айтып, кайгырып бүтсө мен адатымча "жакшыы" дей коюп ал эжени таарынтып алдым. Билбей адатымча айтып алдым да".
"Москвадан келе жатып аэропортто чоң эле эже небереси менен баштыктарын өткөрүп жатканда ичинде кашык, вилкалар бар экен. Орус "что это?" десе, коркуп кетип "бул неме, кашык, вилка" деп жиберди. Небереси дагы каткырып күлүп орусчасын айткан".
"Бир окуя эске түшүп кетти. Атамдын акесинин аялы (чоң эне дейм) кара тору аял сүйлөшүп отурганбыз. Бир убакта "сизге окшоп капкара экен" деп оозумдан чыгып кетти, карасам чоң энем менен сиңдим карап турат. Жымжырт, ошол абалдан кантип чыгып кетишимди билбей оюма чачы келди, капкара узун болчу, "чачыңыз" дедим. Мени карап баары күлүп жиберишти. Чоң энем "эмне мен ошондой карамынбы" дейт. Уят эле жер жарылган жок, жерге кирген жокмун. Азыркыга чейин эстеп алып күлүшөт".
Күлкүлүү окуялар менен бөлүшкүңүз келсе, бул жакка кириңиз.