"Дене тарбиячы" сериалы аркылуу таанымал 18 жаштагы актёр Егор Клинаев каза болду

"Дене тарбиячы" ("Физрук") сериалы аркылуу таанымал 18 жаштагы орусиялык актёр Егор Клинаев каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү жаш актёр унаа айдап келе жатканда анын көзүнчө жол кырсыгы катталган. Клинаев унаадан түшүп, жабыр тарткандарга жардам берүүгө барган. Ошол учурда катуу ылдамдык менен келе жаткан унаа кырсык катталганын байкабастан дароо 3 адамды сүзүп кеткен. Алардын бири Егор ошол жерден жан берген.

Белгилей кетсек, актёр кичинесинен чыгармачылыкка жакын өсүп, "Непоседы" тобунда ырдап 4 жылдай "Пора в Космос" телеберүүсүн алып барып келген. Андан соң кино жаатына аралашып 8 долбоорго катышкан. Алардын бири көпчүлүк сүйүп көргөн "Дене тарбиячы" сериалындагы олигархтын уулу Никитанын ролу эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aiba.8327
2017-09-27 18:25:37
Каап жаман болуптур жаны жанаттан болсун...
+11
Beks.Kasymov
2017-09-27 18:26:59
байкуш жардам берейн дегенда.
+14
General.kg
2017-09-27 18:33:45
АЛЛАХЫМ бейишинен берсин...
+10
venera9899
2017-09-27 19:06:36
Аллахым бейиштен орун берсин. Окунучтуу
+4
Aitun
2017-09-27 19:55:21
Капец. Шок болдум окуп алып
-2
muni.98-98
2017-09-27 21:01:58
Егор мусулман беле?
-9
ALATOOLUK.JIGIT
2017-09-27 21:59:28
Балким жакшы адам болгондур эле бирок Бейишти мусулманга дуба кылынат,туугандар!
-2
Anarbek11
2017-09-28 02:53:03
Жаш бойдон кетти,жаны жаннаттан болсун.
+2
jon.as
2017-09-28 05:31:22
Мусулманбы же каапырбы бир соз менен айтканда адам. Адам олуп жатса бейишин тилеп койуш ашыкча болбосо керек. Баарыбызды жалгыз Аллахым жараткан болгону арбир улут ар башка динди алышкан
+6
admin_superstan
2017-09-28 10:44:40
ALATOOLUK.JIGIT, moskoy, aydinnur, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан