"Так талашуу оюну" тасмасындагы Кит Харингтон менен Роуз Лесли баш кошот

"Так талашуу оюну" тамасындагы Кит Харингтон менен Роуз Леслинин баш кошору белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, буга чейин эки жылдыздын баш кошуусу тууралуу болуп келген кептерди түгөйлөр тастыктап, расмий түрдө жарыялашты.

Харингтон жана Лесли 2012-жылы "Так талашуу оюну" тасмасын тартуу учурунда таанышкан. Тасмада Лесли жараткан каарман каза болуп калгандыгына байланыштуу 2-сезондон кийин бул киного тартылбай калган. Ал эми Кит тасманын 7 сезонунда тең роль жаратып, атактуу болду.

Кит бул тасманы тартуудагы эң мыкты мезгил Исландияда болгонун белгилеп: "Исландия кооз мамлекет, ал жактагы кооздукту айтып берүүгө мүмкүн эмес. Дал ушул керемет жерде мен сүйүктүүмө ашык болгом", -деп белгилеген.

Мындан сырткары актёр: "Лесли мыкты адам, анын сырткы келбети менен ички дүйнөсү айкалышкан. Мындай бийкечти сүйүп калуу жеңил эле", - деп сезимдери менен бөлүшкөн.

Түгөйлөр үйлөнүү үлпөтү качан болорун так айтышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ekaterinburg
2017-09-28 10:42:12
Ооба,бир сериясында"кармап"коет кызды.Болгондо да ункурдо болсо керек.
+2
Isco23
2017-09-28 11:58:48
ekaterinburg,ошого боюнда болуп калган окшойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан