Бүгүн, 28-сентябрда депутат Каныбек Иманалиев өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттарынын эл аралык кызматташуулары боюнча токтом чыгарганын, бирок аны менен депутаттар тааныш эместигин айтты. Депутат спикер Чыныбай Турсунбековго кайрылды.
"Жакында өкмөт токтом чыгарыптыр, биз таппай жатабыз. Мындан кийин Кыргыз депутаттары кайсы чет өлкөлөргө бара алышат, кайсы жакка бара алышпайт, кайсы парламенттик өлкөлөр менен кызматташа алышат, ошону сураштырсаңыз.
Сиз маселени жакшы билесиз, 13-сентябрда Жогорку Кеңеш Европа коопсуздук кызматташтык уюму боюнча токтом кабыл алган. Ал уюмга жиберилет, бирок Жогорку Кеңештин кызматкери, бөлүм башчынын орун басары Эрнис Абдирашов "Жогорку Кеңештин токтомун аткарбагыла" деп телефон чалат. Бул сүйлөшүүсү диктофонго жазылган. "Сиз мени жумуштан кетир деп аппарат башчыга айтсаңыз, этика комитетине кайрылам" дейт. Мындай адам бир күн да Жогорку Кеңеште турбашы керек. Жогорку Кеңештин токтомун аткарба деп ЕККУга телефон чалып жатат. Мындан төмөн каякка түшөбүз. Канча азаматтар Жогорку Кеңештин аппаратына келе албай жүрүшөт. Жогорку Кеңеште кичинекей монополия болуп калыптыр", - деди Иманалиев.