Президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу 27-майда эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда белгилүү болду. Анда тажик президенти Эмомали Рахмон Бишкекте өтүп жаткан мамлекеттер аралык баарлашууну Дүйшөмбү шаарында жогорку деңгээлде улантуу үчүн өлкө башчысын Тажикстанга чакырды. Мамлекет башчы чакырууну кабыл алды, бирок иш сапары кайсы күндөрү болору азырынча белгисиз.