БШКнын мүчөсү президенттикке үч талапкер үгүт ишин активдүү жүргүзүп жатканын айтып, бирок аттарын атаган жок

Президенттикке 13 талапкердин ичинен үчөө үгүт ишин активдүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда “Таза шайлоо үчүн” жарандык кыймылынын маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, 3 талапкердин ортосунда саясий атаандаштык жүрүп жатат. “Шайлоолордо каралоолор, мактоолор буга чейин болуп келген, мындан кийин да боло берет. БШКнын максаты - президенттик шайлоону ачык-айкын, таза жана мыйзам чегинде уюштуруп берүү. Комиссия жана жумушчу топ бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү үчүн колунан келген аракеттерди кылып жатат”, - деди ал.

Арипов активдүү үгүт ишин жүргүзүп жаткандар үч талапкердин аттарын атаган жок. Анын түшүндүргөнү боюнча, алардын атын атаса үгүт иши болуп калат.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов массалык маалымат каражаттарын үгүт иштерин чагылдырууда мамлекеттин коопсуздугун ойлоого чакырды.

“Шайлоо алдындагы үгүт иштерин чагылдыруу үчүн 258 ММК аккредитациядан өткөн. Алардын катарында мыйзам бузган 1 интернет басылманын аккредитациясы жокко чыгарылды. БШК үгүт иштери башталгыча семинар-тренингдерди уюштуруп келген”, - деди Бекматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adil706070
2017-09-29 15:20:32
Ал 3талапкер Бабанов,Жээнбеков,Торобаев.ал эми Сариев менен Мадумаровдор бир аз пассивныйдай болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан