Орусия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө жардам берүүнү мындан ары да уланта берет. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов 27-майда болгон маалымат жыйында билдирди. “Биз Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө жардам берип келгенбиз, жардам берип жатабыз жана мындан ары да жардам бере беребиз. Анткени биз бул жакта билимдүү, мыкты куралданган күчтөрдүн болушуна кызыкдарбыз. Бул багытта Кыргызстан кандай кыйынчылыктарды басып өтөрүн билебиз”,- деди ал. Анын айтымында, Орусиянын коргоо министри өлкөдөгү коопсуздукту бириккен орусиялык базанын жардамы менен камсыз кылууну каалайт. “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аскер базалары жетиштүү, анткени Орусия кошумча базаларды куруу ниетинде. Биз сиздердин жана биздин өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргелешип иш-аракет жасоого кызыкдарбыз”,- деди Антонов.