Төрага Турсунбеков президенттик шайлоо боюнча: "Мыйзамсыз жеңишке жеткенден көрө мыйзамдуу жол менен утулуп калган кыйла артык"

"Мыйзамсыз жеңишке жеткенден көрө мыйзамдуу жол менен утулуп калган кыйла артык", - деди бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Чыныбай Турсунбеков.

"Ошондой адамдар урмат-сыйга да татыктуу болот. Ошол үчүн бири-бирибиздин кеп сөзүбүзгө анча терикпейли, бирок бири-бирибизди анча-мынча кызыкчылыгынан өйдө көтөрүлө албаган адамдардын аркасынан ээрчип, жалпы Кыргыз мамлекетинин беделин бузуп салбайлы. Өлкөбүздү уятка калтырбайлы. 2015-жылы биздин шайлоону дүйнө кандай тааныса, 2017-жылы мындан да жакшы болсун", - деди төрага.

Бүгүн Жогорку Кеңеш президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын угууну күн тартибине киргизген. Бирок маселени кароо же калтыруу боюнча депутаттар кайым айтышкандан кийин төрага депутаттарга кайрылып, баарын таза шайлоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан