Дарыгер: "Мушкер Орзубек Назаровдун кызы ооруканадан чыгарылып, үйүндө дарыланууда"

Бокс боюнча Дүйнө чемпиону Орзубек Назаровдун жол кырсыгына кабылган кызынын абалы турукташып, үйүндө дарылануусун улантууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан билдиришти.

"Мушкердин кызынын абалы жакшырып, ооруканадан үйүнө чыгарылды. Алган жаракаты толук бүтө элек, бирок абалы жакшы. Жол кырсыгынан кийин 10 күн комада жатып, эсине келгенден кийин 3 жолу операция жасалды. Жыйынтыгында абалы турукташып, учурда үйүндө дарылануусун улантууда", - деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, 17 жаштагы Аделина Назарова 19-августка караган түнү саат 01:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган. Анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында мотоциклдин айдоочусу окуя болгон жерден каза таап, аны менен келе жаткан кыз оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан