Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңеште президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын угуу боюнча маселе каралууда.
Депутаттар маселени чечише албай бир топко чейин кайым айтышуу уланды. Бирок маселени кароо башталгандан кийин залда отурган депутаттардын көбү чыгып кетти. Маселени кароо учуру депутаттардын басымдуу бөлүгү суроо бергенден кийин жыйындар залында болгону ондон ашык депутат калды. Учурда Жогорку Кеңеште шайлоого байланыштуу маселеге 10дон ашык депутат катышууда.