Өзүңүздүн абалыңызга же убактыңызга таптакыр дал келбей жатса да таанышыңызды таарынтып албайын деп анын суранычына макул болуп, түйшүк тарткан учур сиздин да башыңыздан өткөн чыгар.
Каалабаган учурда кимдир бирөөнүн кайрылуусуна макул болуп, кезинде аны аткарбай коюу же анын көңүлүндөгүдөй аткарбоо - өзүңүздү гана эмес таанышыңызды да кыйноо болуп саналат.
Адистердин айтымында, көпчүлүк адамдардын "жок" деген сөздү айта албастыгы - анын тарбиясынан көз каранды. Ата-энелер балдарын ар дайым аларды угууга, орой болбоого үндөгөндүктөн, кайсы бир суранычтан баш тартуу - туура эмес деп калыптанып калган. Мындан тышкары адамдын өзүн-өзү баалабагандыгы ушундай көрүнүштөргө алып барат. Өзүнө ишенбеген адам өзүн курмандыкка чалып болсо да башкалардын көңүлүнө жагуу аракетин көрөт.
Айланадагы адамдар сиз өзүңүзгө өзүңүз кандай мамиле кылсаңыз ошондой көз карашта болот. Ашыкча "эркелеп" кеткен дос-туугандардын орунсуз суранычтарын аткаруудан баш тартуу менен өзүңүзгө болгон сыйыңызды, убактыңызды баалай тургандыгыңызды билдиресиз. Андан кийин алар өтө маанилүү учурларда гана сизден жардам сураганга өтөт.
Психологдор "жок" деп айтууну ашкере көп эмес, керек учурда гана орундуу пайдалануу сизди ийгиликке жеткире тургандыгын белгилешет. Ошондой эле абалыңызга жараша кайсы бир өтүнүчтөн баш тартсаңыз сизге кайрылган адам таарынбай турганын айтышат. Болгону "жок" деп айтуунун туура жолун тандоо керек.
Аткарууну каалабай жаткан же сиздин колуңуздан келбей турган өтүнүчтөн туура баш тартуунун эрежелери:
1. Сиз эч коркпостон, өзүңүзгө ишенимдүү ошол эле убакта сылык-сыпаа түрдө "жок" деңиз. Артынан себебин кыскача гана түшүндүрүп койсоңуз болот.
2. Сизге кайрылып жаткан адамдын маселесин аягына чейин угуңуз. Эгер жардам берүү колуңуздан келбесе, кайрылгандыгы, ишеним артканы үчүн ыраазычылык билдириңиз да, колуңуздан келбей турганын айтыңыз.
3. Эгер сиз баш тартууңуздун себебин көпкө чейин түшүндүрүп берсеңиз, таанышыңыз сизди ынандыруу аракетин көрө баштайт. Анын аракеттери оң натыйжа бербесе ыза болушу мүмкүн. Андыктан көпкө актануунун кажети жок.
4. Айрым учурларда (жеке мамиле курган адамдарга) сунуштан баш тартуунун себебин түшүндүрүү керек.
5. Сизге өтүнүч менен кайрылган адамга абалдан чыга турган жолдорду сунуштаңыз. "Маселен дем алыш күнү сенин көчүшүңө жардам бере албайм. Бирок ушундай кызматтар бар экенин билем", - деген сыяктуу.
6. Сиз суранычты аткарбай турган учурда "Мен" деген сөзгө басым жасабаңыз. Ага караганда "Менин абалыма туура келбей калат", "Менин колумдан келбейт", "Мага кызык эмес" деген сөздөрдү тандаңыз.
Кайсы бир максатка, ийгиликке жетүү үчүн эң башкысы өзүңүзгө өзүңүз "жок" деп айтууга көнүңүз.
Сиз жакшы дене мүчөгө ээ болгуңуз келет, бирок таттуулардан баш тарта албайсыз же спорт менен машыкпайсыз. Жаңы тааныш арттырып мамиле кургуңуз келет, бирок мурдагы сүйгөнүңүзгө чала бересиз. Максатка каршы келген иш-аракеттерди жасабаш үчүн сизге курал боло турган нерселерден алыстаңыз. Маселен дүкөндүн жанынан өтпөгөнгө, телефонду алыс коюп, башка нерселерге алаксыңыз. Ийгиликке каршы келген аракеттердин кесепетин өзүңүзгө эскертип туруңуз.