Бүгүн, 28-сентябрда Бишкекте студенттер Карылар күнүнө карата "Карыларга жардам" акциясын уюштурушту. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына акциянын уюштуруучулары кабарлашты.
"Биз "Карыларга жардам" акциясын 1-октябрь - Карылар күнүнө карата уюштурдук. Иш-чарага 1-курстун 300дөй студенти катышып, чогулган каражатка тамак-аш, азык-түлүк сатып алдык. Эми азыктарды Карылар күнүндө белек кылып тапшырабыз. Биз, жаштар бул демилгебиз менен башкаларды да кайрымдуу болууга үндөйбүз. Кыргызда "карысы бардын ырысы бар" деген жакшы сөз бар. Демек, ар бирибиз карыларды сыйлашыбыз керек", - деп билдирди Мырзайым Рысбаева.
Маалыматка ылайык, уюштуруучулар ун, май, күрүч, ошондой эле эт азыктарын, таттууларды сатып алышкан. Чогулган белектер карылар үйүнө тапшырылмакчы.