Туризм тармагындагы мыктыларга "Kyrgyz Tourism Awards" улуттук сыйлыгы тапшырылды

Кечээ, 27-сентябрда Бишкектеги "Туңгуч" жаштар театрында Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата "Kyrgyz Tourism Awards" улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, туризм департаменти буга чейин 17 номинация боюнча сынак жарыялаган. Сыйлык тапшыруу кечесине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков, өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков катышып, ар бир номинация боюнча алдынкы үч орунга сыйлыктарды тапшырышты.

"Kyrgyz Tourism Awards" сыйлыгы өлкөдөгү туризмдин сапатын жакшыртуу жана туризм тармагында эмгектенгендерге стимул берүүнү көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан